Кылым каарытар бир кун: «Кылым карытар бир күн» романы боюнча кызыктуу тогуз факты

«Кылым карытар бир күн» романы боюнча кызыктуу тогуз факты

https://sputnik.kg/20151220/1021040926.html

«Кылым карытар бир күн» романы боюнча кызыктуу тогуз факты

«Кылым карытар бир күн» романы боюнча кызыктуу тогуз факты

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романы жарык көрөрү менен окурмандардын кызыгуусун жараткан. Ал азыр да окурман журту кайрылып окуган… 20.12.2015, Sputnik Кыргызстан

2015-12-20T19:02+0600

2015-12-20T19:02+0600

2021-12-14T14:27+0600

/html/head/meta[@name=’og:title’]/@content

/html/head/meta[@name=’og:description’]/@content

https://sputnik.kg/img/101370/81/1013708163_0:1031:1357:1798_1920x0_80_0_0_727bfc334e013724ba8c618d0a5c8e04.jpg

Sputnik Кыргызстан

[email protected]

+74956456601

MIA „Rosiya Segodnya“

2015

Sputnik Кыргызстан

[email protected]

+74956456601

MIA „Rosiya Segodnya“

Жаңылыктар

kg_KG

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.

com

+74956456601

MIA „Rosiya Segodnya“

1920

1080

true

1920

1440

true

https://sputnik.kg/img/101370/81/1013708163_0:988:1357:1841_1920x0_80_0_0_5313cf7a3b2e9f7c3bdfa035369f356d.jpg

1920

1920

true

Sputnik Кыргызстан

[email protected]

+74956456601

MIA „Rosiya Segodnya“

Sputnik Кыргызстан

маданият, кыргызстан, коом, жаңылыктар, чыңгыз айтматов, «кылым карытар бир күн» романы, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар

маданият, кыргызстан, коом, жаңылыктар, чыңгыз айтматов, «кылым карытар бир күн» романы, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар

Бүгүн «маңкурт» баштаган бир топ сөздү кыргыз лексикасына алып кирген жазуучунун бул чыгармасы тууралуу кызыктуу тогуз фактыны сунуштайбыз.

Бизге бул жаатта КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев жардамчы болду. 

1. «Кылым карытар бир күн» романы 1980-жылы жарык көргөн. Чыгарма алгач ирет Москвада чыгуучу «Новый мир» журналына басылган. 1981-жылы Кыргызстан басмасы, Молодая гвардия басмасы өзүнчө китеп кылып чыгарган. 

2. Айтматовдун туңгуч романы. Буга чейин жазуучу он сегиз аңгеме, повесттерди жазып, 19-чыгармасы «Кылым карытар бир күн» («Бороондуу бекет») романы болду. 

3. Роман төрт айда жазылган. Жазуучу чыгарманы 1979-жылы декабрында баштап, 1980-жылдын март айында аяктаган.Тагыраак айтканда, алгачкы романын төрт айда жазып бүтүргөн.

4. «Чыңгызхандын ак булуту» повести – романдын уландысы. Жазуучу окурманды романда тагдыры белгисиз болуп калган каарманга — Абуталипке кайрадан жолуктурат. Автор каармандын тарыхын сенектик жылдардан кийинки мезгилде сүрөттөйт. Аны менен кошо Чыңгызхандын трагедиясы баяндалып, дүйнөнү селт эттирген күч менен пенделик жашоону катар алып жүрүп отурат.

5. Кыргыз лексикасына жаңы сөздөрдү, сөз айкаштарды киргизди: маңкурт, кабырчык кабактуу, келжирбай, аяптоор, тамандырык, назилине, ире-ширеде, жүлгө, жалмыяр, маңгел, бөгөөлгө, кабырстан, шүй, күй сөздөрү.

«Көк Асаба» романы туурасында кызыктуу 10 факты

6. Легендалар — Бегимай менен Раймалынын махабаты, Эне-Бейит жана маңкурт болуп кеткен Дөнөнбай тууралуу легендалар камтылган. Бул уламыштар автор тарабынан азыркы учурдун көйгөйлөрү менен түздөн-түз байланыштырылган.

Эне-Бейит — ата-бабанын мурасы, алардын денеси жашырылган жер. «Эне – Ата Мекендин башталышы, эне — бул эне тил, эне — бул эмчек сүт менен бирге жаралган абийир» деп жазат автор. 

Жазуучу экинчи уламышта Раймалы менен он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Бегимайдын махабатын берген. Автор легенда аркылуу адам баласына бир келүүчү махабат сезими карылыгына карабай Раймалынын, жаштыгына карабай Бегимайдын бирдей эле деңгээлде жан дүйнөлөрүн ээлеп алганын көрсөткүсү келген. 

7. Чыгарма жараткан чыгарма. Романдын негизинде көркөм тасмалар — «Махабат дастаны» (режиссер Дооронбек Садырбаев), «Найман эненин ыйы» же «Маңкурт», (режиссер Бакыт Карагулов), «Бороондуу бекет» (режиссер Бакыт Карагулов). Коюлган спектаклдер — «Чыңгызхандын ак булуту», («Маңкурт» уламышы боюнча коюлган) «Тайамам», «Кылым карыткан күн» тартылган. Андан сырткары композитор Муратбек Бегалиевдин «Кылым карытар бир күн» ораториясы бар. 

8. Чыгарма 50дөн ашык тилдерге которулган. Эдигей, Абуталип, Зарипа, Казангап баштаган каармандардын тагдыры, Раймалы менен Бегимайдын сүйүүсү, Дөнөнбайдын трагедиясы туурасында англис, немец, француз, кытай баштаган элүүгө жакын элдер окуду.

9. Роман орточо эсеп менен 60ка чукул ирет басылган. Түркияда эле 10 ирет чыкса, Европа өлкөлөрүндө 30га чукул, андан сырткары кыргыз, орус тилдеринде бир канча ирет басылган. 

КЫЛЫМ КАРЫТАР БИР КүН – Кутбилим

Зухрахан Ашурова,

№7 Сары Молдокулов атындагы орто мектеби, Алай району, Чакмак айылы,  кыргыз тили жана адабияты мугалими

(Кыргыз адабияты, 11-класс)

Сабактын максаттары:Көрсөткүчтөрү:

максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу…

1. Билим берүүчүлүк максаты:

Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынан инсандык калыптанышын, идеяларын ачып окуп түшүнүшөт.

“Кылым карытар бир күн “чыгармасын толугу менен окуп, мазмунуна жараша түшүнүк алса;
2. Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Чыгарма боюнча айта алышат. Суроолорго жооп беришет. Каармандардын образдарын чагылдыра алышат.

Чыгарма боюнча анализ жүргүзөалышса;
Суроолорго так туура жооп беришсе;
Сабакка толук катышса; Каармандардын образдарын талкуулап чыкса;
3. Тарбия берүүчүлүк:

Мекенди сүйүүгө жана мекенчилдикке тарбия алышат. Өз ойлорун туура жана так айтууга машыгышат.

Алган билимдерин оозеки кепте айтууну машыкса; Бири-бирине жардам берсе;

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү

Сабакта колдонулган каражаттар: Проектор, ноутбук, таркатмалар, сүрөттөр

Предмет аралык байланыш: Тарых

Сабактын жүрүшү:

Сабактын

этаптары

УбактысыМугалимдин иш-аракетиОкуучунун иш-аракетиНКПКБаалоо
1Уюштуруу (мотивация)2 минутСаламдашуу

Окуучуларды жоктоо,

“Ким тапкыч” оюнун уюштуруу (суроо-жооп аркылуу)

Саламдашат.

Мугалимдин суроолоруна так, туура, толук жооп беришет

НК-2  
2Окуучулардын билимин актуалдаштыруу. Үй тапшырма3 минутӨтүлгөн теманы суроо, слайд аркылуу

Суроолор:

— Чыңгыз Айтматовдун кайсыл чыгармасынан өзүңөргөтаасир алдыңар?

— “Тоолор кулаганда” романынын идеясы?

— Кайып болууну кандай түшүнөсүң?

— Көрүп турган сүрөттөргөжооп беребиз (доскага сүрөттөр илинет)

Берилген тапшырманы толугу менен аткарып келип, айтышат.

Ар бир окуучу суроолорго ыр түрүндөжооп берет.

НК-2Пк-1 

Жаңы теманын жүрүшү:

Мугалим: Окуучулар, жаңы теманы Чыңгыз Айтматовго айтылган улуу сөздөр менен баштамакчымын.

Тоо бийиктеп,

тоо улана берерин Чыңгыз өзү аныктады. Аз жыл аралыгында кыргыз адабиятынын даңкын дүйнөгөчыгарган Чыңгыз – бүгүн Баатыр. Ушундай тоо уланат. Тоо бийиктейт. Аны улаган, аны бийиктеткен Чыңгыздай баатырларга урмат!”

Түгөлбай Сыдыкбеков,

Кыргыз эл баатыры, жазуучу

Айтматовбул адабияттагы сейрек учуроочу өзгөчө, бир бөтөнчөкөрүнүш. Менимче, дүйнөлүк адабияттын аймагына Чыңгыз өзү кирген жок, дүйнөлүк адабияттын өзү анын чыгармачылыгын кабыл алды. Адабияттын таразасында жазуучунун салмагы таланты менен өлчөнөт”.

М.Карим

Чыңгыз Айтматов “Кылым карытар бир күн” чыгармасында Найман-Эне жана маңкурт жөнүндөгү уламыштагы маңкурттун кейипкери аркылуу азыркы учурдагы маңкуртчулук темасынын идеясын ачкан. Маңкурт деген ким, кандай жагдайлар адамдарды маңкуртчулукка алып барат? Азыркы учурдун маңкурттары кимдер, алар эмне себептен маңкурт болушту? Ушундай суроолор бардык эле адамдарды түйшөлтпөй койбойт. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов бир эле жөнөкөй уламыш менен дүйнөлүк глобалдык көйгөйдү ачыктап, адам баласынын акыл-эси, адеп-ахлагы жана жан дүйнөсү рухий жактан кризиске учурап коркунучтуу чекке жеткенин жана жалпы адамзаттын эртеңки келечегине тынчсызданып “маңкурт” темасы менен коңгуроо кагып, адам баласы эртеңки келечегине акыл-эс менен олуттуу ой жүгүртпөсөболбосун эскертти.

Чыңгыз Айтматов 1980-жылы “Кылым карытар бир күн” романын жазганы үчүн СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Жазуучу бул романын төрт айдын ичинде жазып бүткөн. Бул алгачкы романын дүйнөэли кызыгуу менен кабыл алган. Негизги окуясы Бороондуу бекеттин темир жол жумушчусу Казангаптын кайтыш болгон саатынан баштап, аны жайына койгонго чейинки мезгил аралыгында романдын башкы каарманы, Казангаптын жакын жолдошу Эдигейдин эскерүүсү аркылуу өнүгөт. Мына ошентип көйгөйлөр ачыла баштайт.

Балдар, силерге суроо:

— Маңкурт деп азыркы учурда кимдерди айта алабыз?

— Эмне үчүн бул романды көйгөйлүү деп жатабыз?

— Романдын атын эмне үчүн “Кылым карытар бир күн” — деп атаган деп ойлойсуңар?

Окуучулар суроолорго жооп берип, чыгарманы талкуулашат.

Сабакты бышыктоо:

Сабакта алган билимдерин жалпылап, суроолорду беришет.

Сабакты жыйынтыктоо, баалоо:

Окуучулар сабакка катышуусу жана активдүүлүгүнөжараша бааланат.

Үй тапшырма: Чыгарманы окуп, идеясын изилдеп келүү.

alexxlab

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *